ЖАЙ-ТЕРЕК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЙ-ТЕРЕК – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Арстанбап айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1500 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 48 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 80 км. Кыштак 1905-ж. негизделген. Калкы 3133 (2022); негизинен токойчулукта, мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Май жуаз, тегирмен ж. б. ишканалар иштейт.