ЖАКАРТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКА́РТА – Индонезиянын борбор шаары. Ява а-нын түн.-батышында, бухтадагы майда арал­дарда чачыранды жайгашкан. Провинция ста­тусуна теңдеш өзгөчө борб. район. Калкы 8,6 млн (2007). Агломерациясы м-н 18,2 млн. Аг­ломерациядагы ири шаарлары: Бекаси, Танге­ранг, Депок, Богор. Ж. Батыш Ява провинция­сынын округдары м-н Жаботабек мегалополи­син (калкы 23 млн; 2007) түзөт. Жолдор тоо­му. Ява деңизиндеги башкы порту – Танжунг- Приок (жылына 20 млн т жүк ташылат). Эл аралык аэропорту бар. Ж-да 100дөн ашык ЖОЖ (а. и. ун-ттер ж. б.), ил. из. ин-ттары, китепка­налар, музейлер, театрлар, улуттук галерея бар.

Шаардын ишкер бөлүгү.


Машина ж-а кеме куруу (ремонттоо), электро­ника, хим., целлюлоза-кагаз, нефть ажыратуу, тигүү, тамак-аш, текстиль, металлургия ө. ж. ишканалары иштейт. Банктар көп. Ж-нын аг­ломерациясы Түш.-Чыгыш Азиядагы автомо­биль ө. ж-нын башкы борбору [негизинен авто­мобиль жыйноо; жылына 300 миңге жакын; ири з-ддору: «Astra Interntional» («Toyota», «Honda», «Daihatsu», «BMW», «N issan »), «Indomobil» («Nissan», «Volvo», «Masda» ж. б.)]. Ж-нын ордунда 5-к-да эле тургун жай болгон деп божомолдонот. 1527-ж. султан Бантама ал жерде португалиялыктарды жеңгенде ошол жердеги Сунда-Келапа кыш-н Бантамага ко­шуп, Жаякерта («Улуу жеңиштин шаары» де­генди түшүндүрөт) атайт. Шаар 17-к-дын ба­шында голланддар тарабынан талкаланган. 1619-ж. ушул эле жерге алар тарабынан Бата­вия чеби курулган. Анын айланасына түшкөн шаар да 1621-ж. Батавия аталган. 1945-ж. 17- августта Индонезия көз каранды эместикке ээ болгон. 1949-жылдан Батавия Ж. аталган. Шаардын тарыхый борборунда голл. арх-нын көптөгөн белгилери байкалат. Каналдар, 17– 18-к-дагы үйлөр, Пенанг дарбазасы, эски чир­көөлөр (17-к-га таандык), ратуша сакталган. Ис­тикляль (1984) ж-а Нурул-Худа (2000) мечитте­ри курулган. Ж-да Азия ж-а Африка өлкөлө­рүнүн кинофестивалы, Азия (1962), Түш.-Чыгыш Азия (1979, 1987, 1997) оюндары өткөрүлүп турат.