ЖАКБОЛОТ ЯШМА КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКБОЛОТ Я́ШМА КЕНИ Нарын районунда, На­рын шаарынан 55–60 км түндүк-чыгыш тарапта, Туюк- Суу ж-а Жакболот сууларын бөлүп турган бел­де, деңиз деңгээлинен 3000 м бийикте жайгашкан. 1966-жылы табылган. Кен аймагын ордовик мезги­линин башталышында пайда болгон чөкмө тек­тер түзөт. Кен гематит-кремнийлүү ж-а кремний­хлорит-чополуу сланецтердин арасында, яшма линзаларынан турган узун тилкени түзүп жа­тат. Яшманын өңү ачык кызыл, көгүш кызгыл­тым, боз ж-а каралжын темгилдүү. Блоктуулу­гу 5Ч10Ч10 см. Оңой сайкалданат. Жылмалан­ган бет түрдүү түстө кубулуп, кооз оймо-чийме пайда болот. Болжолдуу ресурсу ондогон миң м3ге жетет. Яшмадан белектик кооз буюмдарды жасоого болот.