ЖАКЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЕРИ́Я (Jacques Bonhomme – баёо Жак де­генден, дворяндар дыйкандарды кемсинтип ата­ган) – 1358-ж. Франциядагы феодалдарга кар­шы көтөрүлүш. Жүз жылдык согуш (1337–1453) убагындагы феодалдык эзүүнүн күчөшүнөн, экон. бүлүнүүдөн келип чыккан. Анын башчылары­нын бири Гийом Каль болгон. Көтөрүлүшчүлөр (дыйкандар, кол өнөрчүлөр, майда соодагерлер) дворяндардын үй-жайларын кыйратып, өрттө­шүп, акысыз иштөө ж-дө жазылган документ­терди жок кылышкан. Бирок Г. Каль алданып колго түшүп, башы алынгандан кийин көтө­рүлүш жеңилген. Ж. дыйкандардын жеке көз карандылыктан бошонуусуна шарт түзүп, Фран­циянын тарыхында терең из калтырган.