ЖАКИЕВ
ЖАКИЕВ Бексултан (16. 1. 1936-ж. т., Ысык- Көл обл., Тоң р-ну, Бөкөнбаев айылы) – драматург, кинодраматург, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атн. эл аралык сыйл. (1994), Жамбыл Жабаев атн. эл аралык сыйл. (1996) лауреаты. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1958), киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган (1960–62). «Кыргызфильм» киностудиясында редактор (1963–68), Кыргыз ССР Мад-т министрлигинде (1968–72), Кыргыз ССР Мамл. кинематография к-тинде башкы редактор (1972–75), Кырг-н театр ишмерлер союзунун секретары (1988–92), КРдин Президентинин мамл. кеңешчиси (1992–93), «Манас-1000» мамл. дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору (1994–2000), 1994-жылдан КР-дин Токтогул атн. мамл. сыйл. б-ча к-ттин төрагасы. Ж. коомчулукка «Атанын тагдыры» (1959) аттуу алгачкы драмасы м-н таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган. Ж-дин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч көйгөйлүү «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) ж. б. драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин, «Азамат Алтай» повесть-эссенин автору. Драмалык чыгармалары камтылган, «Бороондуу
жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969) ж. б. китептери чыккан. «Атанын тагдыры» драмасы б-ча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы б-ча балет (Э. Жумабаев) коюлган. Ж-дин айрым чыгармалары орус, якут, казак ж. б. тилдерге которулган ж-а чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда. Ж-дин театр, кино коом ж-дөгү ой толгоо макалалары гезитжурналдарда жарыяланып турат. Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон. Ж. 2000–03-ж. даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынды. Ж. III даражадагы Манас ордени, «Даңк» (1997), Казакстан Респ-нын «Астана» (1999) медалдары м-н сыйланган.
Ад.: Асанбеков С. Азыркы кыргыз драмасы. Ф., 1980; Абдыразаков А. Кыргыз драматургиясындагы изденүүлөр. Ф., 1986; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 1-т. Ф., 1987; Байгазиев С. Калем изи. Ф., 1987; Бексултан Жакиев // Советтик Кыргызстан жазуучулары. Ф., 1989; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.