ЖАККАР МАШИНАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАККА́Р МАШИНАСЫ – токуу станогуна орнотулуп, кездемеге кооз түр ж-а сүрөт салып токуу процессин автоматташтыруучу механизм. Жаккар машинасын 1801-жылы француз токуучусу ж-а механиги Жозе-Мари Жаккар (1754–1834) ойлоп чыгарган (аты ошондон).

Бул машинада кездеменин бетине чексиз түр салып токууга болот. Мында ар бир жипти же алардын бир тобун алып жүрүүчү 100дөн 1000ге чейин илгич орнотулат. Жип илгичтин саны канчалык көп болсо, кездеменин бетине ошончолук татаал түр түшүрүүгө мүмкүн. Жаккар машинасы кооз кездеме, дасторкон, килем ж. б. буюмдарды токууда кеңири колдонулат.