ЖАКШЫЛЫКОВ Асан
ЖАКШЫЛЫКОВ Асан (6. 10. 1949-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы) – Кыргыз эл жазуучусу (2007), акын, драматург, прозаик-эссеист, котормочу, коомдук ишмер, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1979), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү (1992; Штаб-квартирасы Лондондо), Кыргыз Республикасынын билим берүү мыктысы (1999). Фрунзедеги политехникалык техникумду,

(1968), К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун (1976), СССР жазуучулар союзунун Москвадагы жогорку адабий курсун (1985) бүтүргөн. 1968–1970-жылдарда Нарын районунун Куйбышев атындагы колхозунда гидротехник, комсомол уюмунун секретары, 1970–1974-жылдарда ЛКЖС Борбордук Комитетинде жооптуу кызматта иштеген. 1974–1983-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси, 1986–1989-жылдарда СССР адабий фондусунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору, 1989–1991-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, 1991–1995-жылдарда 1-катчы, 1995–1997-жылдарда төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясында «Рух» продюсердик борборунун директору, 1997-жылдан «Обо» гезитинин башкы редактору, 1997-жылдан КОФ Пен-клубунун президенти. «Таңдын ырахаты» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1969-жылы жарык көргөн. Ал «Улуу шашке» (1977), «Бейпил көктөм» (1979), «Белес» (1981), «Макмал төр» (1983), «Ыклас» (1985), «Ысык-Көл сонатасы» (1989) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, «Мээрим» (1987) аттуу ыр менен жазылган романдын автору. Балдар үчүн «Жайлоодо» (1977), «Жазгы байыр» аттуу ыр китептери, тандалмаларынын 5 томдугу (1999–2000), «Учкул ойлор – Крылатые мысли» (2003), «Ыр дүйнө жана элет аңгемелери» (2005) бар. «Кыргыз көчмөн цивилизациясы», «Манас дүйнө таанымы» (2005), «Кыргыз жолу», «Айкөлдүк, салттуулук, сулуулук» (2006), «Ыр чабыт» (2008) аттуу китептери жарык көргөн. «Көкөй кести» драмасы Нарын драма театрында (1993) коюлган. Жакшылыков лироэпикалык акын, ал мазмун жана форма жагынан элдик салттуулукта да, эркин ырларда да бирдей эргүү менен кеңири философиялык ой жүгүртөт. «Эстутум» жана «Кыргыз жолу» деген китептеринде кыргыз таанууга өзгөчө жол издеп, кыргыз фольклорун, тарыхын, дүйнө таанымын, көчмөн цивилизациясын өзгөчө өңүттө изилдейт, дүйнөлүк диндердин негиздөө маселелерин салыштырууга аракеттенет. Көптөгөн ырлары украин, белорус, моңгол, казак, англис тилдерине которулган. Орус тилинде «Пути земные» (1993), «Побеги доброты» (1989), «Жизнь» (1992), «Восхождение к чистоте» (2005) жана башка китептери жарык көргөн. Лирикалык ырларына обон чыгарылган, романстар жазылган. А. С. Пушкин, Р. Тагор, Л. Леонов, Э. Межелайтис, Б. Олейник, Г. Эмин, Абай, Я. Смеляков жана башка акындардын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Медаль менен сыйланган.
Ы. Кадыров.