ЖАКШЫЛЫКОВ Талгар
ЖАКШЫЛЫКОВ Талгар (23. 10. 1964-жылы туулган, Казак ССРи, Алматы облусу, Балкаш району, Куйган кыштагы – 14. 03. 2024-жыл, Бишкек шаары) – опера ырчысы (бас)‚ Кыргыз Республикасынын эл артисти (2003). 1984–1986-жылдары Караколдогу Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987–1993-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеккттик искусство институтун бүтүргөндөн 2001-жылгы чейин Кыргыз улуттук

опера жана балет театрынын солисти, 2001-жылдан Казакстандын Астана шаарындагы опера жана балет театрында эмгектенген. 1998–2000-жылдары Италиянын Кальи шаарындагы Марво Дель Монако академиясында сабак алган. Кыргыз улуттук опера жана балет театрында аткарган ролдору: король Рене (П. Чайковский‚ «Иоланта»)‚ Тегирменчи (А. Даргомыжский‚ «Cуу периси»)‚ Кончак (А. Бородин‚ «Князь Игорь»)‚ Мефистофель (Ш. Гуно‚ «Фауст»)‚ Тейитбек (Н. Давлесов‚ «Курманбек»)‚ Коңурбай (В. Власов‚ А. Малдыбаев‚ В. Фере‚ «Манас») жана башкалар. Дүйнөлүк жана жергиликтүү композиторлордун ырларын‚ романстарын чебер аткарган. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.