ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ – Азиянын батышы м-н Африканын түндүк-чыгышындагы аймак, анда Еги­пет Араб Республикасы, Судан Республикасы, Израиль, Иорда­ния Хошимит Королдугу, Ирак Республикасы, Сирия Араб Республикасы, Ливан Республикасы, Бириккен Араб Эмир­ликтери, Оман Султандыгы, Палестинанын ай­магы, Сауд Арабиясы, Йемен Республикасы, Кувейт, Ка­тар, Бахрейн, Кипр, Түркия мамлекеттери жай­гашкан.