ЖАКЫПБЕКОВ
ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (12. 8. 1935, Талас облусу, Кара-Буура району, Шекер айылы – 4. 6. 1994, Бишкек шаары) – жазуучу, кино сценарийчи, адабий ишмер жана котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996; көзү өткөндөн кийин). 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.

1958–1961-жылдары «Ала- Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1961– 1963-жылдары Талас облусунун Шекер айылындагы орто мектепте мугалим, 1964-жылы «Кыргызмамбаста» редактор-консультант, 1965–1969-жылдары «Мектеп» басмасында редакция башчысы, 1969–1972-жылдары «Кыргыз фильм» кино студиясынын башкы редакторунун орун басары, 1972–1985-жылдары башкы редактор, 1985–1987-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунда «Манас» секторунун кызматкери, 1987–1993-жылдары «Кыргыз маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору, 1993-жылдан «Манас - 1000» мамлекеттик дирекциясынын «Манас» эпосу боюнча башкы адиси болуп иштеген. 1961-жылы «Жаралуу көгүчкөн» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. «Катаал багыт» (1966) повести, «Биз атасыз өскөнбүз» (1969), «Кыргыз жеринин жомоктору» (1981), «Шаа-Ата» (1990) деген аңгемелери анын кылдат стилист, таланттуу сөз чебери экендигин айгинелейт. Жакыпбеков кыргыз профессионал кино өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошту. Анын «Ысык-Көлдүн апийими», «Ата журт», «Айдагы жез кемпир» сыяктуу сценарийлери бар. Котормочу катары С. Цвейгдин, М. Лермонтовдун, М. Горькийдин, А. Чеховдун, ошондой эле Ч. Айтматовдун орус тилинде жазылган чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Жакыпбеков 40 басма табактан ашык көлөмдөгү «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде кара сөз түрүндө «Теңири Манас» (1994) романын жазган. «Манас» эпосун жайылтууда чоң эмгек сиңирген. Жазуучу кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга жылуусуна зор салым кошуп, окурманга эстетикалык рахат, руханий азык болуп бере алган чыныгы көркөм чыгармаларды жаратты. Чыгармалары орус жана башка тилдерге которулган. Туулуп-өскөн айлындагы бир көчөгө ысмы берилген.
П. Казыбаев.