ЖАКЫПОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫПОВ Ыбрай (22. 10. 1918, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Жер-Үй айылы – 4. 3. 2009, Биш­кек) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1967), профессор (1970). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген муга­лими (1970), Улуу Ата Мекендик согуштун ка­тышуучусу. Ташкенттеги жумушчу факультетин бүтү­рүп (1932), Оттук, Тору-Айгыр айылдарындагы мектептерде (1933–35), Фрунзе шаарындагы № 5 орто мектепте (1938) мугалим болуп эмгектен­ген. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1941), ошол эле жерде окутуучу (1946–50), тил ж-а адабият кафедрасынын башчысы (1951–54), Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун адабият факультети­нин деканы (1955–59), КМУнун доценти, кафедра башчысы болуп эмгектенген (1964–90). Эмгек­тери кыргыз тилинин синтаксисин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун илимий эмгектин, окуу куралдарын жана "Тагдыр" (1971), "Тилектештер" (1975), "Чакырык" (1981), "эмгек, билим, тарбия -- жетимди жетилткен (1998) аттуу повесттердин автору. Кыргых ССР эл агартуунун отличниги (1957). 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн синтак­сиси. Ф., 1958; Жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү. Ф., 1965; Азыркы кыргыз тилинин синтак­сиси. Ф., 1975; Орус тилинин кыргыз тилине тий­гизген таасири. Ф., 1983.