ЖАКЫПОВ Жеңиш
ЖАКЫПОВ Жеңиш Илебаевич (13. 10. 1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары.)

– милициянын генерал-майору (2008). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1976), Москва академиясын (1982) бүткөн. 1976–78-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн улук инспектору, 1978–80-жылдарда Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 1982–84-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында социалисттик менчикти уурдоого ж-а алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1984-жылдан облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1988– 89-жылдарда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын социалисттик менчикти уурдоого ж-а алып сатарлыкка каршы күрөш бөлүмүнүн начальниги, 1989–91-жылдарда ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын начальниги, 1991–98-жылдарда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, начальниги, 1998–2003-жылдарда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2003–05-жылдарда КРдин ички иштер министрлигинде кылмыш издөө башкы башкармалыгынын начальниги, 2006-жылы баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын начальниги, 2006–08-жылдарда КРдин ички иштер министринин орун басары. 2008–09-жылдарда КРдин ички иштер министринин Түштүк региону боюнча орун басар болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.