ЖАКЫРЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАКЫРЧЫЛЫК – жеке адамдын же анын үй­-бүлөсүнүн кирешеси алардын негизги керек­төөсүн канааттандырбаган абал. Жакырчылык кандайдыр бир көрсөткүчкө ээ эмес. Түрлөрү: а) абсолюттуу мамиле – тиричилик минимумун же жакыр­чылык деңгээлин белгилөөнү түшүндүрөт; б) са­лыштырмалуу мамиле – орто кирешенин 50% деңгээлинде жакырчылык чегин белгилөөнү түшүндүрөт; в) субъективдүү мамиле. Көрсөтүлгөн мамиле­нин бирин да жакырчылыкты аныктоодо так деп атоого болбойт. Жакыр элдин динамикасы‚ курамы ж-а социалдык кыймылдуулугу олуттуу болуп саналат. Жакырчылык көрсөткүчү жакырчылык деңгээли­нен (жакырчылык чегинен) төмөн жашаган‚ башкача айтканда кирешеси тиричилик минимумунан аз калк­тын үлүшү болуп эсептелет. Бул көрсөткүч өз кезегинде кирешени бөлүштүрүүнүн теңсизди­гине ж-а жакырчылыктын чегинин жогорула­шына жараша болот.