ЖАЛАЛ-АБАД БАТКАК КЕНИ
ЖАЛАЛ-АБАД БАТКАК КЕНИ – Жалал-Абад облусундагы чым көңдүү дары баткагы жаткан жер. Жалал-Абад шаарынан 5 км түштүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070–1075 м бийктикте. Кен эки башка саздак участкадан турат. Жалпы аянты 7520 м2. Эң үстүндө кумдуу топурак (калыңдыгы 0,2– 0,3 м), астында каралжын күрөң түстөгү эзилген чым көң баткагы (калыңдыгы 1,5 м) жатат. Дары баткактын 0,25 мм бөлүкчөлөр м-н булганышы 4,7%, өсүмдүк калдыктарынын чириши 82%ке жетет. Баткактын суюк ылайы 47– 78% ж-а ал сульфат натрийлүү, өтө карбонаттуу (коэффициенти 0,18–0,89). Кристаллдык скелет 10,864–11,953%. Коллоиддик комплекс 10,717– 14,557. Запасы 20,2 миң т. Кендин ж-а ал жерден чыккан минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт.