ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД КУРОРТУ – климаттык-баль­неологиялуу, минералдуу суу жана баткак менен дарылоо­чу курорт. Ал Жалал-Абад шаарынан 5 км чы­гыш тарапта, Көгарт өрөөнүндө, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 975 м бийикте жайгашкан.


Климаты континенттик, кышы жумшак, кары аз, январдын орточо температурасы – 2°С; жаз эрте келет; жайы ысык, кургак, июль айынын орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан­-чачыны 460 мм, анын көбү жаз жана күз мезги­лине туура келет. Курорттун негизги дарылоо факторлору: минералдуу суулар, баткак жана климат. Минералдуу суулары 1877-жылы 1-жолу химиялык изилдөөдөн өткөрүлүп, дарылык касиети аныкталган. Курорт 1939-жылдан жыл бою үзгүлтүксүз иштейт. Ысыктыгы 44°Сге жеткен минералдуу суунун курамында азот газы, хло­рид-сульфат-гидрокарбонат натрий-кальций бар (кара, Жалал-Абад минералдуу суусу). Минералдуу суу ванна, душ алуу жана ичүү жолдору менен да­рыланууга пайдаланылат. Баткак менен дарыло­одо аппликация, тампон жана баткакты электр тогу менен айкалыштырып жүргүзүлөт (кара, Жа­лал-Абад баткак кени). Курортто муун, борбордук жана четки нерв системасынын ооруларынан, ка­рын, боор, өт баштыкчасынын сезгенүүсүнөн, тери, бөйрөк, гинекологиялык оорулардан жапа чек­кендер дарыланат.