ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ (ЖАМУ) – Кыргызстандын түштүк тарабындагы мамлекеттик жогорку окуу жайы. 1993-жылы педагогикалык окуу жайдын, зооветеринария техникумунун (Жа­лал-Абад шаары), ФПИнин филиалдарынын (Ка­ракөл, Таш-Көмүр шаарлары), Кочкор-Ата электрондук приборлор ж-а Майлы-Суу электр-техникалык техни­кумдарынын базасында түзүлгөн. ЖАМУ – фи­лология, тарых, информатика, экономика, эко­логия, технология ж. б. жогорку квалифика-

циялуу адистерди даярдоочу тажрыйбалуу окуу жай. Окуу жайды бүтүргөндөр атайын орто, жогорку, толук жогорку билимге ээ болушат. 9 факультети, 2 колледжи, 2 техникуму, 1 мектеп-ли­цейи бар, 14 миңден ашык студент 58 адистик боюнча билим алышат. 700дөн ашык илимий даража­луу адистер эмгектенет. 16 окуу корпусу, 32 акыр­кы үлгүдөгү компьютерлер м-н жабдылган ауди­ториялар, 122 атайын лабораториялар, 2000 орундуу 6 жатакана, 600 000 даана китеп фонду бар илимий китепкана кызмат кылат. ЖАМУда 15тен ашык илимий багыттар боюнча илим изилдөө иштери жүргүзүлүп, аспирантуранын күндүзгү ж-а сырт­тан окуу бөлүмү иштейт. 2000-жылдан «ЖАМУ-нун кабарлары» («Вестник ЖАГУ») журна­лы кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгарылат. ЖАМУнун Штутгард шаарындагы Хоенхайм университети, Вена шаарындагы Бону университети ж. б. м-н байланыш­тары бар. 2003-жылы Кыргызстандагы АКШ элчилиги м-н келишим түзүлүп, «Америка ордосунун» ре­сурстук борбору ачылган. Анатомия музейинде жаныбарлардын 300дөн ашык экспонаттары чогултулган. КВН командалары, студенттик театр, «Аска» эстрадалык тобу, «Беш ыргай» вокалдык-кыздар ансамбли, «Сайма» бийчилер тобу иштеп, 2003–04-жылдарда республикалык «Ала-Тоо жазы» фестивалында Гран-прини алышкан, 2005-жылы биринчи орунду ээлешкен. «Славян мадания­ты», «Өзбек маданияты» борборлору, Азада Бе­гимкулова атындагы коомдук фонд ж-а «Рыспай Абдыкадыров» клубу бар. Ай сайын көп тираж­дуу «Студиолис» газетасы чыгарылат. Ректор­лору: У. Н. Биримкулов (1993–96), Т. Б. Бекбо­лотов (1996–99), К. С. Алыбаев (1999–2000), Ж. Б. Бөкөшов (2000–05), А. Аширалиев (2005– 08), Т. К. Кененсариев (2009–10).

А. Аширалиев.