ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Жа­лал-Абад облусундагы дарыланууга жарамдуу минералдуу ысык суу булактары. Жалал-Абад шаарынан 5 км түндүк-чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 980 м бийик­те жайгашкан. Суу жергиликтүү элге илгертен белги­лүү. Алгачкы геологиялык ж-а гидрогеологиялык изилдөөлөр 1915-жылы башталган. Булактар чыккан жерде ан­тропогендин лёсс сымал кум-топурагы (калың­дыгы 30 м), юра ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон гравелит, кумдук, алевролит, чопо, кон­гломерат ж. б. чөкмө тектер кездешет. Аларды альп тектогенези бүктөлүүгө дуушар кылып, ан­тиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Суу ан­тиклиналга жарыш орун алган тектоникалык жарака зоналары аркылуу жер бетине булак түрүндө жана бургулоо көзөнөгүнөн (75–130 м тереңдик­тен) агып чыгат. Мында Айып-Булак, Кыз-Бу­лак, Ак-Булак, Жаңы-Булак, Шор-Булак, Узун- Жылга, Чаңгыр-Таш деп аталган 7 булак бар (суткалык дебити 1800 м3). Суу ээлеген катмар­дын астында ж-а үстүндө чопо катмары жатат. Суунун температурасы 21–43,5°С, жалпысынан суунун курамы сульфат-гидрокарбонат-хлорид­натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН = 7,0– 7,5). Суу тунук, тузсуз, даамсыз, аз минералдаш­кан (1,2–7,4 г/л). Бир аз бром, бор, марганец, темир, фосфор, фтор ж-а орг. заттар бар. Крем­ний кислотасы 35,0 мг/л, көмүр кислотасы 35,0 мг/л, күкүрттүү суутек 2,0 мг/лге чейин. Азот 97,1%. Дебити 21 л/сек (1965). Суу ашказан, боор, өт ооруларына ж. б. дарттарга шыбаа. Имараттар­ды жылытууга, ичүүгө да пайдаланылат. Анын базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Беки­тилген кору 1,814 миң м3/суткасына.