ЖАЛАЛ-АБАД ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛАЛ-АБАД ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 2 км түштүк-чыгышта, кыш заводунан 2,5 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 793–858 м бийикте жайгашкан. 1970-жылы геологиялык чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы калыңдыгы 3,0 мден 44,0 мге жеткен кумайлуу топурактан турат да, бор, неоген ж-а байыркы антропоген мезгилинде пайда болгон катмарлардын үстүндө жатат. Өңү саргыч боз түстө. Андан «75» ж-а «100» маркасындагы кыш, «400», «500» ж-а «600» маркасындагы суукка чыдамдуу аглопорит алууга жарайт. Бекитилген запасы: В категориясы боюнча 3422 миң м3, С – 4785 миң м3, 1996-жылы 1-январына карата калган запасы: В – 308 миң м3, С – 4785 миң м3.