ЖАЛГАНДЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГАНДЫК — философия илиминдеги таа­ным теориясынынын өзөктүү категориялары­нын бири. «Чын жана жалган», «тууралык жана жалгандык» сыяктуу түгөйлөш терминдер ка­тары колдонулат. Күндөлүк турмушта пайдала­нылган натуура, калп деген сөздөрдүн синоним­дери. Этика илиминде жалгандык а д е п окуусуна таандык болуп саналат. Жалгандык турмуштан келип чыккан шарттарга карата жооп катары пайда болгон. Жалгандык институту жалаң гана терс көрүнүштөр үчүн зыяндуу мааниде гана кызмат кылбастан, ошондой эле адам акылынын оң фантазиясына, тама­ша-азилдерине, кыялданууларына, көркөм ой чабыттарына, ички дил эргүүлөрүнө оң маани­деги олуттуу ролдорду ойноп келген. Мифтерде, жомоктордо, легендаларда, ар кандай коркунуч­туу айтымдарда жалгандыктын түрлөрү кездешет. Кыр­гыз лексикасында «каталык», «жаңылыштык», «адашуучулук» сыяктуу түшүнүктөрдү жалгандык м-н чаташтырбай, тескерисинче, алардан жалгандыкты айырмалоо зарыл.