ЖАЛГАН ДМИТРИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГАН ДМИ́ТРИЙ II, («Т у ш и н о у р у у­с у» ) (т. ж. б. – 1610) – Жалган Дмитрий I өлтүрүлгөндөн кийин падыша Иван IVнүн уулу Дмитриймин деп чыккан Польша баскынчыла­ры м-н Ватикандын ишенимдүү куйту кишиси. Ким экени белгисиз. 1607-ж. жайында Ж. Д. II


жетектеген поляк отряддары Россияга кол са­лып, 1608-жылдын июнунда Москвага жакын­дап келген. Москваны ала албагандан кийин анын жанындагы Тушино кыш-нда кош түзүп, өлкөнүн борб. аймактарына чабуул коюп тур­ган. Көп узабай Ж. Д. IIге ж-а баскынчыларга каршы элдик кыймыл башталган. Коомдо кол­доосу жок В. И. Шуйский падышанын өкмөтү Ж. Д. II м-н күрөшүү үчүн шведдерден жардам сураганын шылтоолоп, 1609-ж. августта Польша ачык баскынчылыкка өткөн. Ж. Д. IIге жамы­нуу пайдасыз болгондуктан, поляк отряддары Тушино кошунун таштап кеткен. Орус аскер­лери 1610-ж. Тушино кошунун кыйраткан. Ж. Д. II Калугага качып, ал жерде өзүнүн ше­риктери колдуу өлгөн.