ЖАЛГАН ДМИТРИЙ II

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛГАН ДМИ́ТРИЙ II, («Т у ш и н о у р у у­ с у» ) (туулган жылы белгисиз – 1610) – Жалган Дмитрий I өлтүрүлгөндөн кийин падыша Иван IVнүн уулу Дмитриймин деп чыккан Польша баскынчыла­ры м-н Ватикандын ишенимдүү куйту кишиси. Ким экени белгисиз. 1607-жылы жайында Жалган Дмитрий IIжетектеген поляк отряддары Россияга кол са­лып, 1608-жылдын июнунда Москвага жакын­дап келген. Москваны ала албагандан кийин анын жанындагы Тушино кыштагында кош түзүп, өлкөнүн борбордук аймактарына чабуул коюп тур­ган. Көп узабай Жалган Дмитрий IIге ж-а баскынчыларга каршы элдик кыймыл башталган. Коомдо кол­доосу жок В. И. Шуйский падышанын өкмөтү Жалган Дмитрий II м-н күрөшүү үчүн шведдерден жардам сураганын шылтоолоп, 1609-жылы августта Польша ачык баскынчылыкка өткөн. Жалган Дмитрий IIге жамы­нуу пайдасыз болгондуктан, поляк отряддары Тушино кошунун таштап кеткен. Орус аскер­лери 1610-жылы Тушино кошунун кыйраткан. Жалган Дмитрий II Калугага качып, ал жерде өзүнүн ше­риктери колдуу өлгөн.