ЖАЛГАН КЫЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛГАН КЫЧЫ , г о р ч и ц а (Sinapis) – өсүмдүктүрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы бир, чанда көп жылдык чөп . Анын 7–10 түрү белгилүү, негизинен сарепт жалган кычысы эгилет. Сабагынын бийиктиги 25–150 см, бутактуу, түз өсөт. Саадак мөмөлүү, сары күрөң түстө, даамы ачуу. Данында 35–50% май болот. Ал тамак-аш, консерва, парфюмерия өнөр жайында, дары-дармек жасоодо керектелет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жалган кычы негизинен Төмөнкү Волга бою, Казакстан, Түндүк Кавказда эгилет. Ар гектарынан 12–15 ц (кээде 25– 27 ц) түшүм жыйналат. Илдеттери: жалган кебер, дат. Зыянкечтери: кайчы гүлдүүлөр бүргөсү м-н канталасы, капуста күбөсү, жалган кычы жалбырак жегичи (коңуз) ж. б.