ЖАЛГЫЗ-ЖАҢГАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛГЫЗ-ЖАҢГАК , К о м с о м о л – Жалал- Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Көгарт айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1160 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 34 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 26 км. Кыштак 1890-жылы негизделген. Калкы 5925 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар. Тегирмен, мончо ж. б. иштейт.