ЖАЛГЫЗ-ӨРҮК НЕФРИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛГЫЗ-ӨРҮК НЕФРИ́Т КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 10 км түндүктө, Кан-Сай коктусунун башында жайгашкан. Кен аймагын таш көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ тектери түзөт. Аларды гранит-диорит интрузиясы жиреп чыккан. Акиташ тектери интрузия менен кошулган жерлерде мраморлошуп, айрым жерде доломиттешип калган. Бул зонада калыңдыгы 1 м, узундугу 10 мге жеткен эпидозиттин тулкулары кезигет. Ошондой эле мында, калыңдыгы 1 смге жеткен тарамдар түрүндөгү нефрит бар. Нефрит ачык жашыл түстө. Андан асем буюмдарды жасоого болот.