ЖАЛЕЙКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛЕ́ЙКА ‚ б р е л к а – орустардын чымыл­дактуу үйлөмө музыкалык аспабы. Беларустарга да та­раган. 3–7 көзөнөгү бар‚ жыгачтан жасалат. Анын бир жагына уйдун мүйүзүнөн жасалган түтүкчө кийгизилет. Жалпы узундугу 140–200 мм. Жалейка элдик ыр-бийди коштойт‚ башка аспаптар менен бирге ансамблде‚ оркестрде ойнолот.