ЖАЛКЫ РЕЛЬСТҮҮ ЖОЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛКЫ РЕЛЬСТҮҮ ЖОЛ – асма рельс (монорельс) аркылуу жүк вагончолору жана жүргүнчү вагондору жүрүүчү транспорттук система. Жалкы рельстүү жолдо кыймыл, жүк жүктөө жана түшүрүү автоматтык түрдө башкарылат. Жүк ташуучу жалкы рельстүү жолдо иштөөчү вагончонун жүк көтөрүмдүүлүгү 0,5–5 т, ылдамдыгы 2–4 км/с, ташуу аралыгы 1,5 кмге чейин. Айрым өлкөлөрдө жүргүнчүлөрдү ташуучу жалкы рельстүү жол курулуп, вагондун сыйымдуулугу 120–140 адам, ал эми ылдамдыгы 240 км/сaaтка жетет.