ЖАЛКЫ ТИШТҮҮ МЕХАНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛКЫ ТИШТҮҮ МЕХАНИ́ЗМ – айлануу кый­мылын бир тарапка гана берүүчү тиштүү меха­низм. Жалкы тиштүү механизм кармап туруучу түзүлүш катары (жүк көтөрүүчү машинада) же улам токтоп, мез­гилдүү айлануу кыймылын жасоодо (автомат­тык линиялардын берүү механизминде) колдо­нулат. Ал атайын формадагы тиштүү рычаг, тиштүү дөңгөлөктүн тишине такалып кала тур­гандай кылып жасалган. Рычаг артка түртүлүп калмайынча дөнгөлөктүн бир багытта айлануу­суна мүмкүндүк берет. Жалкы тиштүү механизм негизинен кол лебедкаларда, механикалык сааттардын буроочу ж-а ве­лосипеддин арткы дөңгөлөгүнүн механизмде­ринде колдонулат.