ЖАЛПАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПАК-ДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын III–IV кылымында жашаган байыркы көчмөн урууларга таандык көрүстөн. Алай өрөөнүнүн Сары-Таш кыштагынын түштүк-чыгышындагы Демей өзөнчөсүндө жай­гашкан. Жарма көр түрүндөгү көрүстөндүн дөбөлөрү жөнөкөй жана таш аралашмасынан тур­ган. Жалпак-Дөбө көрүстөнүнөн оймо-чиймелүү, капталында эки арстандын башы түшүрүлгөн кооз айнек ваза, алтын беткеп, майда алтын буюмдар жана кы­тай тыйындары табылган. Археолог А. Абете­ков изилдеген.

Айнек ваза. Жалпак-Дөбө көрүстөнү (б. з. 3–4-кылымдары). Алай.


Ад.: Абетеков А. Ранние кочевники Тянь-Шаня и их культурные связи с кушанской империей // Труды международной кушанской конференции. Т. 2. М., 1974.