ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПАК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки VI–IV кылымдар­дагы көчмөн сак урууларынан калган археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Узун-Акмат суусунун оң өйүзүндө жайгашкан. Көрүстөндүн диаметри 8–21 м, бийиктиги 0,4–2,5 м. Эстелик­тин 8 дөбө-мүрзөсү изилденген. Маркумдардын сөөгү төрт чарчы чуңкурга коюлган. Карапа идиштер, кийимге кадалуучу жука алтындан жа­салган кооз буюмдар табылган. Айрыкча жука алтынга адамдын башы жана жырткыч куштун сүрөтү басып түшүрүлүп, кийимге кадалуучу алтын каңылтыр кызыгууну туудурат.

Жалпак -Таш көрүстөнүнөн табылган алтын ка ңылты р (б. ч. 6–4-кылымдар)