ЖАЛПЕТЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЕТЕКОВ Абдразак (14. 1. 1901, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Дөң-Алыш айылы – 3. 6. 1982, ошол эле жер) – мугалим, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1967), КРдин эл

агартуусунун отличниги (1946). Караколдогу муга­лимдерди даярдоо курсун (1922), кийин Фрунзе шаарында­гы мугалимдер институтунун күндүзгү окуу бөлүмүн бүтүр­гөн (1937– 39). Базар-Турук (1922), Кара-Мойнок (1922–27), Кызыл-Дөбө (1927–30) мектептеринде, Нарын кан­тонунда мектептер боюнча ин­спектор, методист (1930–37), Кум-Дөбө (1939–40) башталгыч мектебинде му­галим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Талаа-Булак (1940–43; 1950–73), Орток (1943–50) орто мек­тептеринин директору болуп эмгектенген. Ле­нин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Орток айылындагы орто мек­тепке ысмы ыйгарылган.

А. Түркмөнов.