ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ – билим берүүчү мек­тептерде бардык балдарды милдеттүү түрдө (тие­шелүү минимум көлөмүндө) жалпы окутуу. Ж. б. б. мамлекет тарабынан камсыз кылынат. Жалпыга бирдей билим берүүнү 16-к-да Т. Мор сунуш кылган. 18-к-да Улуу француз рев-ясы балдарды милдеттүү түрдө окутууну жарыяла­ган. К. Маркс м-н Ф. Энгельс «Коммунисттик партиянын манифестинде» (1848) бардык бал­дарды коомдук негизде акысыз окутуп-тарбия­лоо талабын коюшкан. Париж коммунасы муну иш жүзүнө ашырууга аракет жасаган. Баштал­гыч мектептердин көлөмүндө балдарга милдеттүү түрдө Ж. б. б. мыйзамдары Данияда (1814), Шве­цияда (1842), Норвегияда (1848), АКШда (1852– 1900), Японияда (1872), Англияда (1880), Фран­цияда (1882) ж-а Латын Америка өлкөлөрүндө 20-к-да кабыл алынган. Россияда 16 жашка че­йинки улан-кыздарга жалпыга милдеттүү ж-а акысыз кесиптик билим берүү талабы РСДРП-нин 2-съездинде кабыл алынып (1903), партия­нын Программасында коюлган. 18-к-дын ая­гы – 19-к-дын башында Кырг-ндагы ислам дин өкүлдөрү жерг. элдин тестиер балдарын мечит, медреселерге окута баштаган. Кыргыз балдары Караколдогу ж-а Пишпектеги башталгыч окуу жайларынан төрт жылдык билим алышкан. Кийин ал 1914-ж. жогорку башталгыч окуу жа­йына айланган (к. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы). СССРде милдеттүү баш­талгыч билим берүү 1930-ж. башталып, 1934-ж. бардык жерде ишке ашкан. Кыргыз АОсунун обл. элге билим берүү бөлүмү 1924-ж. түзүлүп, 1927-ж. Кыргыз АССРинин, 1937-ж. Кыргыз ССРинин, 1946-ж. Кыргыз ССРинин Агартуу эл комиссариаты, 1962-ж. Кыргыз ССРинин Агар­туу министрлиги, 1988-ж. Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлиги болуп өзгөргөн. 1933– 37-ж. СССРде жалпыга милдеттүү жети жыл­дык билим берүү каралып, негизинен 1956-ж. аткарылган. 1958-ж. жети жылдык билим бе­рүүнүн ордуна жалпыга милдеттүү сегиз жыл­дык билим берүү киргизилип, 1962–63-ж. тур­мушка ашырылган. КПССтин 24-съездинин ди­рективаларына ылайык 9-беш жылдыктан баш­тап жалпыга милдеттүү он жылдык орто би­лим берүү жүзөгө ашкан. Кийин ал 1992–93-окуу жылында он бир жылдык окуу мөөнөтүнө өт­көн. Базалык жалпы билим берүү милдеттүү ж-а акысыз болгон. 1991-ж. 1794 мектеп болсо, 2006-ж. 2066га жеткен. 1994-ж. билим берүү ме­кемелерин лицензиялоо системасы киргизилген. 1995-ж. Улуттук тест жүргүзүү борбору түзүлгөн. Ал жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчү­лөрүнүн билимдерине талдоо жүргүзөт. Билим берүүнү реформалоо процессинде өлкөнүн 2025- жылга чейинки билим берүү стратегиясын анык­таган Мамл. билим берүү доктринасы (2000), «Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери» улуттук программасы (2001), Жакырдыкты кыскартуу­нун улуттук стратегиясы (2003–05), «Айыл мек­теби» комплекстүү программасы (2003) иштелип чыккан. КРдин Өкмөтү 2015-ж. чейин бардыгы үчүн билим берүү б-ча улуттук планды, 2010-ж. чейин КРдин билим берүү тармагын өнүктүрүүнү бекиткен. 2003-ж. «Сапаттуу жана жеткиликтүү базалык жалпы билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Кырг-ндын жарандарынын акысыз базалык жалпы билим алуусуна кепил­дик берген бул документтерде билим берүү тар­магын өнүктүрүүнүн кыска (5 жылдык) ж-а узак мөөнөттүү (10–15 жылдык) максаттары көрсө­түлгөн, коюлган максаттарга жетүүнүн страте­гиясы түзүлүп, тактикасы аныкталган. 2006-ж. окуу предметтери б-ча мамл. стандарттар жа­ңыртылды. 2008/09-окуу жылында Ж. б. б. ме­кемелеринде 1 млн 160 миң бала окуган. Ма­йып, жетим ж-а кароосуз калган балдар үчүн жалпы билим берүүчү 37 мекеме иштеген. Жал­пы билим берүүчү адистештирилген 20 мекемеде (а. и. 14ү интернаттык типтеги) 3, 8 миң жет­кинчектер ж-а өспүрүмдөр тарбияланууда. КРдин Билим берүү министрлиги тарабынан Улуу Бри­таниянын «Балдарды сактагыла» эл аралык фонду м-н бирдикте өзгөчө муктаждыктагы бал­дарды массалык мектептерге интеграциялоого жардам көрсөтүлүп, облус аралык психол.-мед.- пед. консультациянын базасында Инклюзивдик билим берүү ресурстук борбору иштей баштаган.
Өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин 80%тен көбүн айыл мектептери түзөт (2008). 1991–2003-ж. кыргыз, орус, өзбек ж-а тажик мектептери үчүн 15 млн 8 миң нуска 460 ата­лыштагы окуу китептери басылып чыккан. На­тыйжада республика б-ча мектептер окуу ки­теп м-н 77,4% камсыз болгон. О. эле маалы­маттык-коммуникациялык технология, б. а. Ж. б. б. мекемелерин компьютерлештирүү, ин­тернет тармагына кошуу улантылууда. Окуучу­лардын жетишкендиктерин баалоо системасы жаңыртылып, системалык мониторинг ишке


киргизилүүдө. Окуу пландарынын ж-а окуу про­граммаларынын мазмунун кайрадан иштеп чы­гуу зарылдыгы бар. Ж. б. б. тармагын реформа­лоону жүргүзүүдө педагогдук кадрлар өзгөчө роль ойноодо. 2009-ж. республикада 73 миң мугалим эмгектенген. Алардын кесиптик чеберчиликте­рин жогорулатуу Кыргыз билим берүү академия­сында жүзөгө ашырылат. М. Молдалиева, А. Элебесова.