ЖАЛПЫ ЧЫГАРЫЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ ЧЫГАРЫЛЫШ – каралуучу теңдеме­нин (теңдемелер системасынын) жекече чыгары­лышын алуучу теңдеменин эркин параметрле­ри. 1) д и ф ф е р е н ц и а л т е ң д е м е н и н ;жалпы чыгарылышы – n тартиптеги ук=f(х, у, у1,...,уn–1) түрүндөгү дифференциал теңдеменин n турактуу С1, С 2,..., Сn чоңдуктарын камтыган у=f(х, С1, C2 ,.... Сn) функциясы. С1 , С2 , ... Сn турактуу чоңдуктарга маани берилип, теңдеменин айрым чыгарылышы алынат. 2) а н ы к т а л б а г а н т е ң д е м е н и н жалпы чыгарылшында бүтүн же рацио­налдуу чыгарылышы изделүүчү бир нече өз­гөрмөлүү теңдеме каралат. Бүтүн сандуу пара­метрге көз каранды мындай теңдемелер жалпы чыгарылышка ээ болот. Мисалы, х2+у2 =z2 теңдемесинин жалпы чыгарылышы х2=m2n2, у=2mn, z2=m2n2 , мында m, n – бүтүн сандар. 3) т р и г о н о­ м е т р и я л ы к т е ң д е м е н и н жалпы чыгарылышы – анын бардык чыгарлыштарынын көптүгү. Мисалы, sinx=a теңдемесинин жалпы чыгарылышы x=аrcsin (|a|≤1) же x =(–1)narcsinan, n=0; ±1; ±2; ...