ЖАЛПЫ ЭКОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛПЫ ЭКОЛО́ГИЯ – ар түрдүү экологиялык билимдерди бирдей негизде бириктирген илимий багыт. Анын өзөгүн теориялык экология (экология тармактарынын жалпы мыйзам ченемин аныктайт) түзөт. Табигый экологиялык процесстердин көбү түрдүү себептерге байланыштуу өтө жай өтөт. Аны изилдөөдө жалаң байкоо жүргүзүү жетишсиз, ага сынак да талап кылынат. Бирок сынак мүмкүнчүлүгү экологияда чектелүү гана. Ал үчүн моделдештирүү (айрыкча математикалык моделдештирүү) кеңири колдонулат. Ал маалыматтарды иштеп чыгуу ж-а материалдарды терең талдоо ишин теориялык экология ж-а математикалык экология карайт, к. Экология.