ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛПЫ ЭЛДИК ТИЛ – бир тилде сүйлөгөн элдин өкүлдөрүнө бирдей даражада түшүнүктүү ж-а мүнөздүү тил. Ж. э. т. – ошол элдин күндөлүк турмушунда колдонулуп, пайдаланылуу чөйрөсү ж-а стили жагынан чектелбеген, жалпыга тү­шүнүктүү тилдик факты. Анын негизин тектеш диалект, айтымдар түзөт. Өз ара жакын диа­лектилердин бирөө Ж. э. т. абалына чейин өнүгүп, экинчиси диалект б-ча жашай берет. Ай­рым учурда тигил же бул уруу башка уруулар м-н байланышпай, өз алдынча өнүгө берип, элге айланып, анын тили ошол элдин Ж. э. т-ин түзүп калат. Башында Ж. э. т-де сүйлөгөн эл аймагы жагынан ар түрдүү мамлекеттин курамына ки­рип калып, узак убакытка өз ара байланышы үзүлүп калса, анда алардын ар биринде өз алдын­ча өзгөчөлүктөргө ээ болгон Ж. э. т. пайда бо­лот. Буга бурят, халка-моңгол тилдери мисал. Тилдин өнүгүшүнө, байышына ж-а жазуусунун такталышына, Ж. э. т-дин адабий нормалары­нын калыптанышына мамл. түзүлүш өбөлгө тү­зөт. Ж. э. т-дин толук такталган, калыптанган, жазууга эгедер формасы – улуттук адабий тил.
С. Мусаев.