ЖАЛ-АРЫК II
ЖАЛ-АРЫК II – биздин заманга чейинки VI–III кылымдарда жашаган көчмөн сак урууларына таандык көрүстөн. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасына жакын жерде жайгашкан. Ал 120 майда жана чоң мүрзөдөн турат. 1963–1964-, 1968–1969-жылдары Ы.Кожомбердиевдин жетекчилиги менен Кыргыз ССР илимдер академиясынын тарых институтунун археологиялык экспедициясы изилдеген. Мүрзөлөр төрт чарчы, аң түрүндө казылып, үстү арча менен жабылып, топурак жана таш менен корумдалган. Айрым мүрзөлөрдүн дөбөлөрүнүн диаметри 2500–3000 мге чейин жетет. Көрүстөндөн табылган буюмдардын көбү алтын жана колодон жасалган. Алардын ичинен байыркы сактардын өнөрүн изилдөөдө жолборстун, жылкынын сөлөкөттөрүнүн жана алтын сөйкөлөрдүн мааниси зор. Көрүстөндөн чыккан адамдын баш сөөгү калыбына келтирилип, байыркы сактардын антропологиялык келбети түзүлгөн. Археологиялык табылгалар Казакстан, Түштүк Сибирь, Борбордук Азия аймактарында жашаган байыркы көчмөн элдердин буюмдарына өтө окшош келет.
Ад.: Кожомбердиев И. Работы в зоне водохранилища Токтогульской ГЭС // Археологические открытия 1969 года. М., 1970.