ЖАЛ (чүйгүн тамак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛ – 1) кыргыздын чүйгүн тамактарынын бири. Бир элиден ашык казысы бар семиз жылкыдан гана жал чыгат. Арык жылкынын жалында майы жок чарым болот. Жал жегиликтүү, жагымдуу сый тамак катары чучук, карта менен бирге сый табактарга тартылат; 2) жылкынын шилисинен өркөчүнө чейинки, моюндун үстүнкү кыры менен кыркалай созулган узундугу карыштан кем эмес коюу кылдар. Жалдын маңдай жаккы четин – «көкүл», өркөч жагын «ыйык жал» деп аташат. Тай, кунан, бышты, байталдын жалы жазында кыркылат. Бирок, алардын көкүлү кыркылбайт жана ыйык жалдан бир тутам чок калтырылат. Айыптаган, ызалаган мааниде кысыр калган бээлердин жал, куйругу кыркылып, желеден бөлүнүп, субайларга кошулган.