ЖАЛ ( Сокулук районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛ (1934-жылга чейин Ак-Буура) – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Орок айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 816 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 35 км түштүк-чыгыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 9 км. Кыштак 1868-жылы негизделген. Калкы 2791 (2022); негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, дарыкана, бала бакча, клуб, китепкана, мечит бар. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.