ЖАЛ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЛ – 1) кыргыздын чүйгүн тамактарынын бири. Бир элиден ашык казысы бар семиз жылкыдан гана Ж. чыгат. Арык жылкынын Ж-ында майы жок чарым болот. Ж. жегиликтүү, жагымдуу сый тамак катары чучук, карта м-н бирге сый табактарга тартылат; 2) жылкынын шилисинен өркөчүнө чейинки, моюндун үстүнкү кыры м-н кыркалай созулган узундугу карыштан кем эмес коюу кылдар. Ж-дын маңдай жаккы четин – «көкүл», өркөч жагын «ыйык жал» деп аташат. Тай, кунан, бышты, байталдын Ж-ы жазында кыркылат. Бирок, алардын көкүлү кыркылбайт ж-а ыйык Ж-дан бир тутам чок калтырылат. Айыптаган, ызалаган мааниде кысыр калган бээлердин Ж., куйругу кыркылып, желеден бөлүнүп, субайларга кошулган.