ЖАМАЛ КАРШИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАМАЛ КАРШИ , Абу-л-Фадл ибн Мухаммад Жамал ад-Дин Карши (1230–31 – өлгөн жылы белгисиз) – орто кылымдардагы жети-суулук тарыхчы ж-а акын. Чагатай мамлекетинин борбору Алмалык шаарыннда туулган. Вилайетти бийлеген Сугнак тегиндин баласына тарбиячы болуп, ак сарайда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарайлык») аталып кеткен. 1264-жылы Кашкарга келген, 1282-жылы орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–07-жылдар аралыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөздүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эмгегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–06). Анда азыркы Кыргызстандын аймагында өкүм сүргөн Караханиддер мамлекети жөнүндө баалуу маалыматтар бар.