ЖАМАНБАЕВА Тамара
ЖАМАНБАЕВА (Б а к и е в а) Тамара Кусеин кызы (14. 5. 1943-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – туңгуч кыргыз теледиктору, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008), Кыргыз ССР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР телерадиосунун отличниги (1970), Кыргыз Республикасынын телерадиосунун отличниги (2003). Фрунзе медициналык окуу жайын (1959), Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин (1968) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1959– 1975), программа боюнча директордун орун басары (1974–1988), илимий-популярдык жана кино редакциясынын, Борбордук телерадиого көрсөтүүлөрдү даярдоо редакциясынын, Ош облустук телерадиокомитетинин башкы редактору, төрайымы (1988–1992),

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясында программа боюнча директор (1992– 1994), вице-президент (1994–1995), «Замана» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери (1995–2005, 2008), Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын радио боюнча координациялык борборунун директору (2005–2007). 2009-жылдан «Ибарат» маданий борборунун продюсери. «Б. Миңжылкыевдин аткаруусундагы романстар» аттуу телефильмдин, республиканын юбилейлик даталуу күндөрүнө арналган көптөгөн телекөрсөтүүлөрдүн сценарийлеринин автору. Медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Жил, трудился, боролся, страдал, но побеждал. Б., 2003; Телевидение менин өмүрүм. Б., 2009.