ЖАМАНБАЕВ Акматбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНБАЕВ Акматбек Сагынович (5. 12. 1933, Чүй району, Дөң-Арык кыштагы – 23. 08. 1992, Биш­кек) – техника илимдеринин доктору (1972), профессор (1973). КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (2007, өлгөндөн кийин), 1955-жылы КАЧИ-ни бүтүргөн соң, Тянь-Шань облустук айыл чарба башкар­масында инженер, башкы инженер, Кыргыз ССР ИАда суу чарба ж-а энергетика боюнча илимий кызмат­кер ж-а лаборатория башчысы (1955–67); ФПИде прорек­тор, кафедра башчысы, де­кан (1967–88); Түштүк кыргыз окуу-илимий борборунда дирек­тор (1988–92), КРдин билим берүү министринин бирин-

чи орун басары (1992) болуп иштеген. Жаманбаевдин жетекчили­ги астында түтүнсүз, сууга ж-а ысыкка турук­туу көмүр брикеттерин алуунун жаңы техно­логиясы иштелип чыккан, 7 монография ж-а 20дан ашык илимий эмгектин автору. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советине, Фрунзе шаардык советине бир нече жолу депутат болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган. СССР энергетикасынын ж-а электрлештирүүнүн, Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн, СССР жогорку мектебинин отличниги. Анын ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө, Оштогу табигый ре­сурстарды пайдалануу ИИИге, И. Раззаков атындагы КТУда кафедрага, Чүй районундагы айылга ж-а Чапаев айылындагы толук эмес орто мектепке берилген.

Эмг.: Проблемы Кара-Кече. Ф., 1971; Угли Кирги­зии. Ф., 1986; Брикетирование углей Кыргызстана. Б., 1992.