ЖАМАНБАЕВ Жеңис
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАМАНБАЕВ Жеңис Анаркулович (1946-жылы туулган, Казак ССР, Жамбыл облусу, Касык Курдай району) – химия илимдеринин доктору (1991), профессор (2000). КМУну (1967), Кыргыз ССР ИА ОХИнин аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Органикалык эмес ж-а физикалык химия институтунда кенже, улук илимий кызматкер, ОХИде лаборатория башчысы болгон.1993-жылдан КР УИАнын химия-комплекстүү технология институтунда лаборатория башчы . Углеводдордун химиясы ж-а табигый бирикмелер боюнча адис. Ал химия-терапиялык агенттердин маанилүү классына кирген нитрозоалкилмочевинанын углеводдук туундуларын алуунун натыйжалуу ыкмасын иштеп чыккан. 180ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 17 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Карбамиды углеводов (соавтор). Б., 2000.