ЖАМАНБАЕВ Муратаалы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНБАЕВ Муратаалы Жүзүмалиевич (23. 2. 1952, Чүй облусу, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айы­лы) – физика-математика илимдеринин доктору (1999), профессор (2002). КМУну (1974), КР УИАнын авто-

матика институтунун аспиранту­расын (1980) бүтүргөн. 1976– 86-жылдарда КР УИАнын автома­тика институтунда инженер, илимий кызматкер, 1986–2000-жылдарда КАЧИде мугалим, КАУда кафедра башчысы, 2000– 01-жылдарда КРдин билим берүү, илим ж-а маданият министрли­гинде илим боюнча башкарма­лыктын башчысы, 2001– 06-жылдарда КР Өкмөтүнүн ал­дындагы илим ж-а интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикте башкармалыктын баш­чысы, КТМИде профессор болуп иштеген. 2006– 10-жылдарда И. Раззаков атындагы КМТУнун ректору, 2010-жылдан профессор. Суюктук, газ ж-а плазма механикасы тармагы боюнча адис. 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Методы фильтрационных расчётов в слоистых средах (в соавторстве). Ф., 1983; Фильтрационный расчёт хвостохранилища рудника Кумтор (в соав­торстве) // Сб. науч. тр. БВКК. Б., 1999.