ЖАМАНКУЛ
ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1884, азыркы Чүй облусу, Кант району, Чоң-Далы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – төкмө акын. 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында жар чакырып, кыргыз-казакка ырчы катары белгилүү болгон. Кыргызстандын түндүк-түштүгүнөн, коңшу элдерден көптөгөн ак таңдай акындар чогулган чоң жыйындарда акындык өзгөчөлүгүнөн, үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембринин кооздугунан улам жарчылыкты көбүнчө ага ыйгарышкан. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган ырлары эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экенин айгинелейт. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учурундагы элдин башына түшкөн мүшкүлдү реалдуу сүрөттөгөн ыры айкын мисал. Ал өз мезгилинде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Жаманкул «Манас», «Семетей» эпосторун да мыкты аткарган. Анын чыгармалары 1946-жылы Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке киргизилген.