ЖАМАНОВ
ЖАМАНОВ Сыдыкбек (1913-жылы туулган, азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Беш-Терек кыштагы – 24. 7. 1993-жыл, Бишкек шаары) – драма артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1958), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекекеттик сыйлыктын лауреаты (1986).

С. Жаманов атайын билим албаса да, кыргыздын кесипкөй театр өнөрүн баштоочулардын катарында табигый таланты жана талыкпаган эмгеги аркылуу театр тарыхына из калтырган. Эмгек жолун 1936-жылы балдар театрында иштөө менен баштаган, 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Негизги ролдору: Каныбек, Курманбек (К. Жантөшев, «Каныбек», «Курманбек»), Түлкү (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Болот (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Балбай (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөөнү»), Субанкул (Ч.Айтматов, «Саманчы жолу»), Яровой (К. Тренёв, «Любовь Яровая»), Жолдош (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Забелин (Н. Погодин, «Кремль куранттары»), Бакай (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек») жана башкалар. «Илья Муромец», «Салтанат», «Менин жаңылыштыгым», «Алыскы тоолордо», «Токтогул», «Эрте жаздагы турналар», «Он үчүнчү башкарма» жана башка кино тасмаларга тартылган. «Өнөр өргө жетелейт» деген мемуардык китептин жана бир нече пьесанын автору.