ЖАМАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАНОВА Чолпон (1927-жылы туулган‚ азыркы На­рын облусу, Жумгал району‚ Чаек айылы) – алгач­кы балерина‚ Кыргыз CCРинин эмгек сиңирген артисти (1954). 1937-жылы Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган.

Cогуш мез­гилинде окуусун Фрунзеде улантып‚ аны 1947-жылы бүт­көндөн кийин Кыргыз опе­ра жана балет театрында со­лист, 1965-жылдан Фрунзе­деги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык- хореографиялык окуу жайында пе­дагог болуп иштеген. И. Мо­розовдун «Доктор Айболитинде» Танянын‚ М. Раухвер­гердин «Чолпонунда» Чол­пондун‚ «Ала-Тоо жазында» Cалтанаттын‚ ошондой эле «Cалтанат» кино тасмасында Шайырбүбүнүн жана башка ролдорду аткарган. Медалдар менен сыйланган.