ЖАМАН-ДАВАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАМАН-ДАВАН – Тогуз-Торо районундагы суу, Алабуганын оң куймасы. Узундугу 64 км, алабынын аянты 335 км2. Жаман-Тоонун түндүк капталынан башталып, жогорку агымында Сырт-Кашка-Суу аталып, Туура-Суу кошулгандан кийин Жаман-Даван аталат да, кууш өрөөн аркылуу түндүктү карай агат. Ортоңку ж-а төмөнкү агымында өрөөнү кеңейип, саздуу келет. Жылдык орточо чыгымы 2,6–3,5 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат.