ЖАМАН-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАН-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ Борбордук Теңир-Тоодо­гу Май-Баш кырка тоосунун ачасында жайгаш­кан эки ири мөңгү (Түндүк ж-а Түштүк). Сары- Жаз дарыясынын сол куймасы Жаман-Суунун башын­да. Түндүк Жаман-Суу мөңгүсүнүн узундугу 5,3 км, аян­ты 4,8 км2. Төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Мөң­гүнүн башы деңиз деңгээлинен 5100 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Абляциясынын аянты 2,1 км2. Түштүк Жаман- Суу мөңгүсүнүн узундугу 5,0 км, аянты 4,6 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгү.