ЖАМАШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМАШЕВ Зулумбек (15. 2. 1924-жылы туулган, Жа­лал-Абад облусу, Сузак району, Кара-Көл айылы) – юрист, коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эмгек

сиңирген юристи (1974). 1950-жылы Фрунзедеги эки жылдык юридикалык мектепти бүткөн. 1942–44-жылдарда «Большевик» колхозунда колхозчу, поч­точу, Сейдикум айыл сове­тинде секретарь, финансы агенти, 1944–48-жылдарда Ачы райондук сотунда секретарь, сот аткаруучу, 1950–51-жылдарда Ачы, Ленин (азыркы Ноо­кен) райондорунда прокуратуранын тергөөчүсү, 1951–57-жылдарда Ленин райондук сотунда, 1957–59-жылдарда Жа­лал-Абад облустук сотунда төрага, 1959–67-жылдарда Ош облустук сотунда төраганын орун басары, 1967–71-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку сотунда судья, 1971– 74-жылдарда Ош облустук юстициянын начальниги болуп иштеген. 1974–90-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку со­тунун төрагасы, ошондой эле СССР Конституциясына ылайык СССР Жогорку сотунун судьясы кыз­матын да кошо аткарган. 1990–91-жылдарда Кыргыз ССР юстиция министрлигинде жарандык ак­тылар башкармасынын начальниги, 1991–98-жылдарда Жалал-Абад облустук жаратылышты коргоо коо­мунда төрага, 1995–98-жылдарда облустук ардагерлер кеңе­шинин төрагасы болуу м-н бир эле мезгилде Кыргызстан элдеринин ассамблеясында облустук бөлүмдүн төрагасы, 1998–2005-жылдарда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысына коомдук кеңешчи болуп иштеген. Кыргыз CCР Жогорку Совети­нин депутаты (9-, 10-, 11-чакырылышы). Ма­нас, «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйланган.