ЖАМБАШ ЧАРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАМБАШ ЧАРАСЫ – адам скелетинин буттар­ды жанаша кармап, жамбаш кырчоосун түзүүчү төмөнкү бөлүгү. Ал эки жамбаш, куймулчак, чычаң сөөктөрүнөн турат. Жамбаш чарасы кичине ж-а чоң болуп айырмаланат. Жамбаш чарасы бел кырчоонун неги­зин түзгөндүктөн, омуртка тутумуна тирөөч. Түзүлүшүндө жыныстык өзгөчөлүктөр даана бай­калат. Аялдын жамбаш чарасынын, жамбаш сөөктөрүнүн канатчалары жазы, куймулчак сөөгү жука, эр­кектердики узун ж-а кууш болот. Жамбаш чарасынын ал­дыңкы капталын чаткаяк сөөктөрү түзөт. Чоң жамбаш чарасында ич көңдөй мүчөлөрү, кичинесинде көтөн чучук, табарсык; эркекте простата ж-а урук ый­лаакчасы, аялда жатын, жатын кошумчала­ры ж-а жатын кыны жайгашат. Жамбаш чарасынын сөөктөрүнө арка ж-а омуртка булчуңдары бе­кийт. Аялдын жамбаш чарасынын түзүлүшү м-н көлөмүнүн төрөттө мааниси чоң.